Аккелте ПРОДОЛЖЕНИЕ. Проект « Школа Личностей »

Показать телефон
Бишкек Обновлено:
Тип
личностные

/* Ко дню равноденствия!
Году цифровизации  и защиты детей,
как перезагрузке воззрений и ценностей сознания… */

Ак Келте

 Аң-сезимди жогорулатуунун 24 багытында туюуну күчөтүп, адамдык дил, пейил геномдорго жетүү ниетинде…

Урматтуу окурман, эл оозунда көптөгөн маани-маңызы терең сөздөр бар. Алардын бири: бөрү баласы ит болбойт. Жана дагы бири: балык башынан бузулат.
Биз бул сапар, ушуга окшогон сөздөрдүн айланасында маек куралы деп чечкен элек. Бирок маектин алдында багытыбыз үстүдөгү сөздөрдүн кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бар, аң-сезим болгон соң, баш сөөктөгү мээнин көлөмүн эске алып кетпесек, болбостур.
Айтайын дегенибиз, бу деги кимиси, адам баласына ылайык сөздөр менен айтканда, «акылдуу», короодогу итибизби же ээн талаадагы карышкырбы? – десек, бу адам баласын карышкыр эле эмес, ит да тууралуу сөзгө аралаштырганыбыз, ирээнжитчүдөй кабыл алынып, Дарвиндин: адам маймылдан пайда болгон деген, божомолунан да катуураак тийип калышы мүмкүн. Андыктан, айтып коёюн дегенибиз, урматтуу окурман, түпкүлүгүндөгү саясатынын, эзелтен келе аткан табиятына, биргеликте көңүл буруп, жетели деген мааниде гана колдонуудабыз.
Иттикине караганда карышкырдын мээси 30% көбүрөөк деп айтууда илим.
Акыл кимде, эс тутум кимде да, туюу кимдики арбын күчтүү?
Итти талаада калтырсаң, ажалын тез табат, ошол эле бөрүгө, улак сымал, жем болот. Адам баласынын жашоосунда кароолчулук, аңчылыкта жардамчы катары орун алгандыгы менен акылы бардай көрүнөт.
Анын жанында бөрү, күмөнсүз, жырткыч дечи. Анткен менен, табияттан алыстап кеткен адамдык көз карашта – ит, ал эми жаратылыштын талабына ылайык, албетте, карышкыр «акылдуу го». Себеби, бөрү – ит туя албай калган тереңдикти, жыттай сезип, өзүнүн кызматын так, табиятына ылайык кынтыксыз аткарган, жалпы экосистеманын санитарынын бири. Ошондон эркиндикти баалап жана бул жараткандын берген күчүнө байланыштуу кеп сөзгө эмес, улуу сөзгө алынаттыр. Кабылан, атүгүл арстан сымал…
Бул жерде, тек гана логикага таяп, ким адамга да, жаратылыштын табиятына да көбүрөөк пайда алып келет деген тараза салмагында, басымдуулук карышкыр тарапта болоору, анык го. Аны туюу эмес, логика деле чечмелеп, далилдей турган мүмкүнчүлүгү бар эмеспи.
Бирок Кожожаштын алысты көрүп туйбаган акылы сымал, маселе жараткан көрүнүштөр азыркы күндө деле жок эмес го.
Урматтуу окурман, деги эле, акыл деген – бу өзү эмне? Адамдын аң-сезиминде башынан эле бар нерсеби же убакыт, тажрыйба, билим менен келе турган күчпү?
Адеп аклактуулук – бу акылдуулугубу же билимдүүлүгүбү? – дегенибиз, кумайыкты бирде сөөк берип, бирде камчы салып дегендей, 2 же 5 коюп тарбиялоо ыкмасы адам баласынын табиятына ылайыкпы же жокпу, деген суроо.
Тартип, маданият, билим деген үч нерсени жасалма интеллектке деле ыйгарып, жүктөп койсо мүмкүн. Бул анык.
Атүгүл 3D принтер сымал «жаратман» кылып программаласак болот. Жасалма интеллект дейбизби же аң-сезим дейбизби, бул да анык. Бирок жансыз бул…
Рухсуз!!!
Жансыз!!!
Жан тирүү!!!
«Балам, балалуу болгондо билерсиң,» - деген сөздүн маңызын жасалма интеллектин «сознаниесиби же акыл-эсиби» - деп тунжураганыбыз бу эне-тилибиздеги аң-сезимди акыл-эссиз эле эмес, жан, рухсуз да элестетүүнү мүмкүн эместигине байланыштуу, аң-сезим дегенге тил барбай атат… Себеби, фонтасттар айтмакчы, адам текеберленген сыяктуу жасалма интеллекттин «сознаниеси» адамдын ээсинин аң-сезими менен жүз көрүшүп, муюп, табиятты бузганда, адам баласы:
-Бала, бала… Баланын иши чала, - деп. - Ушу курт жебеген, миңдеген гектар талааларды ээлеп, кеңейип бара жаткан алма бак… Аары, көпөлөк конбогон гүл аянттарын ээлеген, табиятты чыркыратып, курутуп жаткан ГМОлуу акыл-эс же «акыл бар, эси жок аң-сезим сөрөйү» керек беле? – деп акылы өз аң-сезимине баа берет. Ал эми ГМОлонгон аң-сезим менен жогорку деңгээлдеги аруу аң-сезимдин кагылышынын негизинде келип жаткан кыяматтын белгилеринде, адамзат аруу аң-сезим тарапка өтүүсүнүн зарылчылыгы өтө маанилүү го. Ата-бабабыздын аң-сезимди жогорулатуу дегени – аң-сезимде орун алган жан дүйнөнүн көөдөнүн, жасалма интеллекттей көңдөйлөнтпөй, руханий байытып, жогорку бүтүндөй жер бетин камтып турган аң-сезимди туюп, ага муюу деген сөз болуп жүрбөсүн, урматтуу окурман.
Адам адамды айлап-жылдап Робинзондой көрбөсө, ошондо гана сезип-туят, жандуу, рухтуу деген эмне экендигин. Адам адамга жана жандууга канчалык муктаждыгын.
«Ээ Жараткан, адам баласына жалгыздык менен жансыздык күнүн түшүрө көрбө…» - деп ата-бабабыз тилеген…
Жалгыздык менен жансыздыкты жүрөгү менен туюп, жон териси менен сезген гана, акылга салып, ал нерсени өзүнө да, бөтөн жандууга да, жансызга да каалабас.
Туюу… Акыл менен көөдөн, көкүрөк, дилдеги жандуулукту туюу.
Туюу кажет…
Жон тери…
Бөрү терисин жамынганды туюу десек, окшошпой калат го.
Жолборс терисин жамынган мырза демекчи, киши маймылдын апсыйган жүнүнбү же терисинби, жыланча таштап, адам кейпин кийсе деле, кудай жараткан чакта деле – бул биологиялык «түр», гуманоид.
Жерде жашаганга ылайыкташкан биологиялык «түр».
Анын дене-мүчөсү, мээси, жүлүнү магнит күчтөрүнөн баштап аба, күн, ай менен тыгыз байланышта…
Эми темабыздан алыстабайлы.
Карышкырдын мээси иттикине караганда алдаканча көбүрөөк дедик, бул илимий факт дегенибиз – талашсыз жагдай дегендик.
Бирок маселебиз, бу акылга же акыл-эске байланыштуу десек, тагыраак болот го.
Акылы бар, эси жок деген сөз 2 нерсенин айкалышып турганын акылыбыз туюп, уятыбыз билдирүүдө го… Өзгөчө мааниге ээ болуучусу – бул эстүүлүк экени, түшүнүктүү да.
Буга байланыштуу, баса белгилөөчү нерсе, адам баласынын аң-сезиминде, генетикалык эс-тутумунда көптөгөн маалымат орун алган.
Ал маалымат өң, түс, кыял, сезимдер жөнүндөгү, китепкана сыяктуу, сандык.
Кошумчалап, айтып койчу нерсе, ар бир сөз эмес, атүгүл санга ылайык сезим болот.
Ошол сандыкты ачып, ар түр затты таануу – адамдын парзыдыр.
Анткени, ген эс-тутумунда адам баласынын табиятына ылайык маалымат бар.
Бир даанышмандан бирөө:
-Ээ, акыл деген эмне? - деп сураганда, даанышман күлүп. - Бала, - деп жооп берген имиш.
Жообун кабыл алганга кудурети жетпеген:
-Ээ даанышман, - деп кайрылса. - Мени мазактагансып, бала деген эмнеси? - деп ачууланган адамга, даанышман:
-Бала түгүл, наристе баленин баарын билет, ошол себептен ырсая күлөт, - деп кайра эле жылмайып коюп. - Жер, асман, аалам жана адам өзү – бу китеп, жаратылыш табиятынынбы, жараткандынбы китеби. Аны окуш – адамдын вазийфасы, себеби ал китеп аркылуу биз анын авторун туябыз… Ошол биздин акылыбыз,- деген экен даанышман.
Эми, туюуга көбүрөөк маани берип, басым жасоо керек деген соң, бир гана логика адам баласына жетишээрлик эмес дегенибиз, урматтуу окурман, туюу – ата-бабабыздын аң-сезимге, адам баласынын аң-сезимине ылайык талдап-тастыктап, аныктаган эң ыңгайлуу, табигый жолу.
Окуганды адам туйбай калышы мүмкүн. Ал эми сүткө тилин күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет дегенди, акылдын бир туйганы, түбөлүк эсте калары дегендиги деп, баамдайт эмеспизби.
Эки жолду айкалыштыруу – милдет. Эстүүлүк окуу жолу менен келбейт. Эстүүлүктүн аң-сезимде орун алышы туюу жана кубаттануу амалдары менен орундатылат, саясий эрк демекчи… Антпесе, үстүдө көрсөтүлгөндөй, улак менен ит талаада калса, бөрүгө жем болгон сыяктуу, өкүнүчтүү, армандуу тажрыйба топтогон убакыт менен гана адам баласы эстүүлүккө жетери анык го…
Билимдүүлүк маалымат топтоп, дүйнө таанууга жана кандайдыр бир кесипчиликке ээ болуп, жан багууга эле багытталган. Жашоодо, деги эле күндөлүк турмушта, бара-бара бышып, жетилип, салт, нарк, мурас түптөгөн бабаларыбыз эмес, алардын урпактары болгон, дүйнө тааныган инсандардай өсүүгө башка тармактагы эмес, адамга түздөн-түз тиешеси бар тирүүлүктүн ысык-суук, өйдө-төмөнүн иликтемиш болгон психология деген илимдин деле жол көрсөтүп, адамдагы сырларды толугу менен ачып бергидей алы жок.
Ошондуктан жаш муундун бүгүнкүсүн да, эртеңкисин да так көргөн, нарктуу ата-бабабыз туюуну алдыңкы орунга койгон. Туюу – алысты көрүү, туюу – ниет менен пейилди, адилеттүүлүк менен акыйкаттыктай көрүү. Туюу – өзүңдүн үстүңдөн амал кылуу.
Наристе, бу пайгамбар, олуялардын айтканын тим эле коёлу, улуу, көп кырдуу дейбизби, Леонардо Да Винчи сымал же биздин эпосторубуздагы тыңшаар, көрөгөч мамыт жандуулугу менен «беш жашар баладан мага чейин – бир гана кадам. Ал эми ымыркай, наристеден беш жашар балага карата – кандайдыр бир чексиздик, түбөлүктүүлүк байкалат,» - деп Л. Н Толстойдун айтканында сыр бар да.
Эми туюуга бир аз көңүл буралы.
Туюу…
Бирок мунун алдында, сабырдынбы же туюунунбу түбү – сары алтын демекчи, ишенимге жана анын пайда болуп, шумдуктуудай күчөгөндүгүнө көңүл буруп кетели.
Урматтуу окурман, «ишеним деген эмне?» – деп сураса эле, көпчүлүк динге байланыштыра салат экен. Же болбосо кимдир бирөөгө, атүгүл саясатташкан аң-сезим - бул учурда бийликке ишеним көрсөтүү тууралуу, аягы жок сөзгө кирип кеткен адатты, байкасаңыз болот.
Бирок биз башка, таптакыр башка, аң-сезимде орун алган ишеним жөнүндө сөз кылуудабыз.
Албетте, биринчи учурда, ишеним деген – бул сезим деп, «алгач рух пайда болгонбу же материябы?» - деген талаш-тартышка карабай, биринчиси сезим, андан соң сезимге ылайык жаралган бу - сөз деп баса белгилей берели.
Анткени, маймылдан болобу, жараткандын кудурети мененби, биринчи аң-сезим менен дене-мүчө бардыр, анан барып сөзгө жеткендирбиз.
Эми ишеним – бул сезим деп аныктап алганыбыздан соң, аны акылыбыздын туюу жолун көрөлү. Жок нерсени көргөнсүп, чочуган адамдын аң-сезиминде кош нерсени сүрөттөп жараткан ишеним сезими тууралуу, биз айтуудабыз.
Анын күчүн кыргыздын философиясы же илими: «Коркконго кош көрүнөт,» - деп белгилеген. Ошол коркуу сезиминин артында же түбүндө ишеним сезими жатат.
Эми, жок нерсеге ишентип, сезимди ошол деңгээлге чейин күчөткөн бу, урматтуу окурман, мээнин күчү экенин белгилей кетели.
Үстүдө көрсөтүлгөндөй, дүйнөгө таанымал инсандын сөзүнөн улам, биз эмнени туябыз? Албетте, анын жан-дүйнөсүнүн байлыгын, бирок ошол эле учурда эң негизгиси, ал инсандын кабыл алуусунун кенендигинин артында күчтүү, телепаттыкындай туюусун, байкашыбыз абзел.
Бул жерде белгилеп койчу маселе, 2-3 жашар бала, эмбрион сыяктуу эле, мүнөзүңүздү калыптандырып, аң-сезимиңизде орун алган кыял-сезимдерди эле эмес, кардыңыздын ач-тогун да сезип-туюп, билип койгонго шарты бар.
Эми бу Л. Н. Толстойдун автобиографиясын окусаңыз, түшүнүктүү болсо керек: кандайдыр бир жашоодогу кайгылуу кырдаалдар же болбосо жан эргиткенби же кашайтканбы окуялар турмушта адам баласынын сезим, жан-дүйнөсүн ойготуп, дене боюна от сымал жалындатып коёт дегенибиз, кандайдыр бир түрткүнүн негизинде туюусу күчөп, кабыл алуусу мээдеги байланыштардын активдешкендигине жараша кеңейип кеткендиги.
Бул «синтезге» окшоп кеткен процессти терең түшүнүп алуу – өтө маанилүү. Анткени, дагы бир ирет кайталап коёлу, балдардын жана дүйнөгө белгилүү инсандардын таланттуулугунун ачкычын колубузга тийгизет, акылга туйдурат.
Эң жөнөкөй, бирок акыл туйбай калган «синтез», өзүңүзгө деле белгилүүдөй, мээнин күчү менен жаралган эрктин нерв системасы аркылуу булчуңдарга өтүп, аларды кыймылга келтирүүсү дегенибиз, бу эмнеге акылыбыз кээ бир чочуп же арданып кетүүгө окшогон процесстерди туюп, а көпчүлүгүн туйбай калат деген суроого - жооп туюуда дегендик.
Туюунун күчүнүн төмөндөшү деген сөз, урматтуу окурман.
Ал эми, анын күчөшү, жөнөкөй сөз менен айтканда: эрк толкундап, токтун частицалары сыяктуу, электр зымдары менен кыймылга келгендей эле, эрк нерв булчуңдарга, суу жыгачка сиңгендей, «синтездешкенин» көрсөтөт деген кеп, жана ой аркылуу каалагандай кыймыл-аракеттер жасала берет деген «баяндама». Бул процессте көптөгөн зат, электромагнитке окшогон күчтөр орун алгандыктан, сөз менен жеткирип бериш, урматтуу окурман, өтө татаал. Муну туюу күчөгөндө гана, адам өзү байкай алат, бирок сүрөттөп бергенге сөз таппайт. Сөздүн чамасы да жетпейт. Мунун себеби бул үнгө окшогон, - сезим, толкундардын дүйнөсү.
Дал ушундай эле аң-сезим менен дене-мүчөдө орун алган үстүдө айтылган, «синтезге» окшогон уюубу же муюубу процесси кыял-сезимдерге да тиешелүү.
Руханий баюу – так ушул жол менен өтөт.
Кызыктуусу, күндөн күнгө, улуу инсан устатыбыз Ч. Т. Айтматовдун сөзү менен айтканда, күн сайын дейбизби, күн арттыра дейбизби, гуманисттик, айкөлдүк, даанышмандык табиятты ойгото таануу менен бирге, ал сыпаттар, дене бою «синтездирилсе», кыркынчы күндөн баштап миң бир түнгө чейин адамдын адамдык касиетке ээ болушу, күмөн эмес окшобойбу.
Бул процессти адам баласынын акылы ыкма-көнүгүү сыяктуу колдонуусу, абзелдей, чыркыраган чындыктай байкалат дегенибиз, батыштан түптөлгөн илим-билим жаш, чийкирек дегендигибиз, урматтуу окурман.
Адам баласынын эле эмес, деги эле мээсинин көлөмү көбүрөөк болгон жан-жаныбардын көз, кулак, мурун, тил кабыл алуусу бара-бара, айлап-жылдап күчөп курчтануусу сыяктуу эле, адам баласынын жан-дүйнөсүнүн байышы, сезимдерди толкундатып пайда кылуусуна көз карандылыгы бир чети: мээни толугу менен активдештирсе, экинчи жагы: аң-сезимдин бир бөлүгү болгон көөдөнүндө үй-бүлөлүк турмуш куруудагы убакыт менен гана аталык, энелик, андан соң чоң ата, чоң энелик сезим орун алган сыяктуу, жан дүйнөнү руханий байытуу, бир гана окуу эмес, сезим ойготуп, орун алдыруу жолу менен келет.
Бул биологиялык «түр», гуманоид болгон соң, кайталап коёлу, биринчи купул толгудай сезим ойготуп, көкүрөктөгү көөдөндү байытуу – милдеттүү түрдө жасалчу амалы экендигин, «Манас» эпосу дагы, кичи эпос-дастандары да көрсөтүүдө эмеспи.
Бул жерде бир аз кошумчалап коё турган маселе, 21 кылымдын илими ар адамдын иммунитети көп деген нерсеге көз каранды экенин белгилеп, алардын бири – мээнин функцияларына байланыштуу дегендиги, мээдеги безге окшогон бөлүкчөлөр, пайдалуу фермент бөлүп чыгаруу күчү - түздөн-түз мээнин сезим жаратып, элес функциясын күчөтүүсүнө байланыштуу экендигинде жатат, урматтуу окурман.
Урматтуу окурман, эс-тутум мээде эле эмес, суу менен булчуңда да орун алган. Орус илиминде булчуң эс-тутумун «мышечная память» деп билебиз.
Демек, эс-тутум көп нерсени камтый алат деген сөз. Көп деген: эрк, кыял, сезим, рух, жан деген менен бирге алардын кубаттуулук күчү деген да сөз. Күн арттырган көнүгүү-машыгууда мээ менен дене-булчуңдардын байланышы аркылуу кубаттануу – бул руханий баюунун жолу. Күн арттырып машыгып, кубаттанууда электр кубаттуулугу сыяктуу эле 220дан 360га чейин дегендей, күч ала бергенге мүмкүнчүлүгү бар дегендик – туюунун күчөшү деген сөз.
Туюу жолу…
Ал эми окуу – ал бирөөнүн туйган же чайналган ашы деп, акылыбыз аныктап алыш керек. Туюу менен окуу сөзсүз түрдө айкалышы зарыл. Бирок баса белгилеп койчу маселе, адамдык касиеттерге ээ болууда жана таланттарды ойготуш үчүн биринчи учурда туюу турушу керек окшобойбу.
Ал эми билимге, кесипке ээ болууда, албетте, зарылчылык окууда.
Акыл, адам эмес, акыл тажрыйба топтогонсуп, анын өнөр, чечендик, интеллектуалдык да чеберчилик топтоп, аң-сезимде, адат сымал, орун алдыруусун жана туюп, эске тутуп, дене бою калыптандырышын биз: «Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет,» - деп аныктап коюшубуз бир чети кажет болсо, экинчи жагынын зарылчылыгы: жакшылыкка жышаан, өсүп-өнүгүүгө аянт…
Себеби, муну талдап, аныктап алыш келечек муунду жаңылантып, алардын көп тармакта: тарыхтан баштап, медицина, жаңы нана-технологияларды жаратканга ортоктош да, өбөлгө да болот. Бул зарылчылык.
Урматтуу окурман, ата-бабабыздан эзелтен келе жаткан, бир караганда оорураак тийип калчудай «мал ээсин тартпаса, арам өлөт» деген биздин кабыл алуубузда тереңдиги да, кенендиги, аалам сымал чексиз өңдүү сөз бар.
Бул сөзгө акыл чайкасак, бир ода же поэма жазганга багыт берчүдөй сезилет. Майда ой жүгүртсөң, малдын ээси адамзат деп жооп кайтарып койсоң - жетиштүүдөй байкалат. Анткен менен, туура, баккан малдын ээси – адам, буда маселе жок.
Ал эми, адам баласынын өзүнүн ээси ким?
Деги, бу адамды баккан ким?
Ким бу жерди, жер үстүндөгү өсүмдүк, ошол эле жан-жаныбардын баардыгын тартуулаган, бу өзү ким?
Кимге биз, адам ата сымал, ыраазычылык билдирсек болот?
Кокустукабы? Биринчи чоң жарылуугабы?
А балким, сууга болуп жүрбөсүн? Суу башынан бар имиш го?
Бул маселени ачык калтыралы, ар ким өз көкүрөктөгүнө жараша, билгенине рахматын айтсын .
Бирок жаратылыш, эне сымал берешен чексиз, берешен куттуу.
Ошол эле учурда чексиз айкөлдүктөй кабыл алынат, себеби берешендик – акылман, даанышмандардын табияты. Айкөлдүк – батырдын жүрөгүнөн чыккан жүзү.
Эми, урматтуу окурман, бөлүшөлү дегенибиз, итти тарбиялаш жеңил экенин туйдук. Себеби, биринчиси: мээнин объёму карышкырдыкына караганда 30% азыраак. Ошол эле учурда, экинчиси: туюусуна байланыштуу, итти тажаан, ажылдак, ачуулуу кылыш деле ээсине жараша болоору, түшүнүктүү го.
Демек, мээнин көлөмүнүн өлчөмү – бул эмненин белгиси? Кандайдыр бир функциялар менен туюунун байланыштыгынын көрсөткүчү десек, туура болоттур.
Эми туюу деген соң, туюуну кандай жаныбар болбосун, атүгүл адам баласы деле биологиялык «түр», гуманоид болгон соң генетикасы менен эмбрион мезгилинен түшүнүк албасак, балык башынан сасыйт деп ак үй, көк үйгө шылтамай Кыргызстанда эле эмес, бүт жер бетинде орун ала берет. Себеби демократия деген – элдин деми, эл башкаруу деген сөз.
Башында айткандай эле адам баласы түздөн-түз табият менен тыгыз байланышта да. Аба өпкөбүздө болсо, денебиз магнит күчүнүн тартылуусунда. Кабыл алууга көз, кулак, мурун, тил, тери эле эмес, бүтүндөй нерв системасы жооп берет.
Өзгөчө белгилеп койчу нерсе, бул кабыл алуунун өзөгү болуп, жаныбарлардыкы сыяктуу эле адам баласынын омурткадагы жүлүнү эсептелинет.
Мээ, баш сөөктөгү мээ – чечмелөөчү, негизинен чечмелөөчү жана ой, сезим, кыял жаратуучу же пайда кылуучу орган. Адам баласынын кабыл алуусун тажрыйба менен же дүйнө тааныган эс-тутум менен алмаштырган – чоң жаңылыштык.
Пейил тарыды деген сыяктуу, адам баласынын кабыл алуусу дагы тарып-кеңейүүгө шарты бар. Бирок ал кеңейип, таруусу пейилдикиндей көбүнчө көз карашка эмес, туюунун курчтугуна, кубаттуулугуна байланыштуу. Ал эми өз учурунда туюуга, туюунун кенендикти да, тереңдикти да туйган күчүнө акыл көз каранды..
Ал эми заманбапка ылайык азыркы күндүн көз карашы илимге көз каранды болуп турган чакта, акыл илимди туюуга негизделиши кажет. А илим – бул генетика, биологиядан баштап ааламга чейин таанып, анын, кайталап коёлу, авторун жүрөгүң аркылуу акылың менен туй деген сөздүр.
Антпесе, аң-сезимде чексиз өнөр, кесип орун алганга мүмкүнчүлүгү бар экенин эсепке албай, кандайдыр бир кыялдын негизинде адат өңдөндүрүп, бир гана бийчимин деп бийлеп баскандардын саны, мушкермин деп чоң муштумдук кылгандардын катарынын көбөйүүсү, күмөнсүз го. Бу кабыл алуунун тарып бараткан илдети. Анын себептери – мээнин байланыштары үзгүлтүккө учурап жатканы. Бул – ата-бабабыз биринчи орунга койгон, туюунун күчүнүн төмөндөшү.
Мындай акылы туйбай калган, дартка окшогон көрүнүштү, ата-бабабыз көөдөндүн көңдөйлүгү же короздонгон мүнөз деп баа берген. Көрө албас, ичи тарлыктын деле дарты ушунда деп акылын жайчы, калканчы, кайыпчы өнөрлөргө бурган дегенибиз, - адам баласынын аң-сезиминин жан-дүйнөсү менен рухуна, деги эле табиятына ылайык көз карашты калыптандыруусу.
Анын негизги максаты – туюуну күчөтүү. Заманың бөрү болсо - бөрү бол, түлкү болсо - түлкү бол дегени, жырткыч, айбан кейпин кий дегендиги эмес. Ар идеологияга моюн сунуп, адашпай табиятыңды бөрүдөй так туюп, ээсиңди, ким экендигиңди тааны деген сөз болуп жүрбөсүн.
Урматтуу окурман, албетте, кечирип коерсуз - деп өтүнөлү, бирок куш болсо - куш бол, кумайык болсо – кумайык болуу дегендиги эмес экени, түшүнүктүү да.
Ал эми уядан эмнени көрсө дегенди үйдөн, үй-бүлөдөн эмес, эмбрион учурунда эле, өзүнө көп нерсени сиңирип, жазып алышы менен бирге генетиканы да эске алсак, алма сабагынан дегенди туура чечмелейбиз да кажеттүү багыт алабыз.
Башка сөз менен айтканда, адам баласы эмбрион учурунда эле бардыгын сезип-туюп, ошого ылайык калыптанат. Көрө албастык, митеамдык деле айкөлдүк менен даанышмандык эмбрионго, Умай энеден эмес, өзүбүздөн жазылат.
Ошол себептен, үйдө да, үйдөн да 7 кадам басып алыстаганда светтик конституциянын өзөгү азаттык, адам укугу деп эле чектелбей, анданда тереңирээк карап, салт, нарк, мурас аркылуу адамдык генетиканы туюу, аны сактоо – акылдын вазийфасы экендигин, эстен чыгарбайлы.
Себеби уюлдук аппараттар антенна жана спутник аркылуу байланышып тургандай, баланын мээси менен ата-эненин мээсинин байланышы, жомоктордо айтылган жүрөк туюусундай, үзгүлтүккө учурабайт. Бул табигый нерсе, ушундан биз балык башынан сасыйт дегенди, аныктап алышыбыз милдет. Идеологиясыз калган адамзат, торго түшкөн балыкча, албетте, башынан сасыйт. Нарктуу, салттуу идеология түгүл, былык ой да алгач башта пайда болот.
Урматтуу окурман, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту токтотууга өткөн доорлордон бери эле эң жөнөкөйү шарап эмес, тамекини ойлоп-таап чыгарып, аларды азык-түлүк катары колдонгон батыш эмес, деги эле мындай маселени көтөргөн адам үнүнө көңүл буруш, туура, - бул адамдык парыз.
Ошол эле учурда, ата-бабабыздын сөзүнө уюп, чыр-чатак бир жактуу болбойт, эки жаакташкандын устаттары да бирдей жооптуу деп, чоң саясатка…
Глобалдуу саясатка, кичинекей өлкөбүз деп, ат минерликтен коркпойлу. Бу өзөктүк же башка куралына таянып, билегим жоон дегенди, ата-бабабыздын Ак Келтеси – илими, акылы бар бирди эмес, миңди жыгат деп үн ката турган маал келип калды. Жеңди түрүп, белди тартып, Манас атабыздын айкөлдүгү менен коргогон адилеттүүлүк калканы менен акыйкаттык туусун көтөрө турган чакка жакындадык.
Эркин жашап, адам экенин таанып, ийгиликке жетүүгө, өлкөсүнө карабай, ар бир инсан укуктуу. Батыш-чыгыш биз менен технологиялары менен бөлүшсө, аларга көрөгөч мамыт, телепат демекчи, жайчы, калканчылык илимин тартуулап бөлүшүү – бул биздин адамгерчилик вазийфабыз, эртеңки күнүбүз.
Буга байланыштуу, урматтуу окурман, мурдараак чыккан, Фонфизиндин «Недорослинин аң-сезими» деген макалабыздын үзүндүсүн кошуп коюуну туура көрдүк. Себеби иштин башы деп өткөн кылымда эле мекендешибиз ата-бабабыздын жолун жолдоп, багыт көрсөтүп койгон…
Үзүндү:
«…Илгери-илгери, байыркы өткөн доорлордун биринде, ондогон миң жылдар мурун кандайдыр бир кыямат кайыңдан кийин соң, караңгылыкта калган журт сандалып, көрүнгөн жер бурчунда кара жанды багып жүргөн маалында биздин тоодой ата-бабаларыбыз аң-сезимде терең орун алган, азыркы күндө табышмактуу, сокралдуу деген илими менен бөлүшкөн экен.
… Ал эми, канында каапырлык ойноп, өзүлөрүн бек сезген анткор, бузукулардын ата-бабаларыбыздан алган илимин, жүзү каралык жолго салышы тууралуу, өткөн эле кылымдардардын тарыхында баса белгиленип кеткен.
Көп батыш жазуучулары Кытайдан баштап Англияга чейин жеткен, адам баласын үрөйүн учурган каапырлык жоруктары «модага», «бизнеске» айланганы жөнүндө «өнүккөн» батыш цивилизациясынын түркүн жанрында сүрөттөлүнгөн. Алардын бири, бул жаш балдарды ит атар, чапан жамынган «амалкөйлөр» уурдап, өнөрчү шылуундардын колуна салып берип, бирин зордук-зомбулук ыкмаларында: буту кыска, колу узун, бүкүр шутка айландырса, экинчисин: баш сөөктүн өсүшүнө залал келтирип, ооз-мурунун кескилеп, ырсайтып же тескерисинче ыйлаган өңдүү, азыркы пластикалык операция сыяктуу өнөрүн өркүндөткөн каапырлардын жоруктары көнүмүш адатка айланып, адам кейпин кийген жүзү каралардын санын көбөйткөн, жөнөкөй ашпозчулардан баштап Хан сөрөйүнө чейин буга кызыгып, дүнүйө-дүнүйө деп ашыккан…
Эми, урматтуу окурман, муну менен биз эмнени айтайын деп турабыз, өзүңүз деле түшүнгөндүрсүз…!
Гюго, Шекспир жана башкалар адам баласына шут кейпин кийгизген каапырлардын жоруктарын баяндаса, биздин кыргыз атуулу устатыбыз Чыңгыз Төрөкулович Айтматов бүт дүйнөнү дүңгүрөткөн – баш сөөктүн ичинде жараткан өзү каткан мээге залал келтирип, сырга бай, адам баласынын табиятына тиешелүү аң-сезимде жаткан маалыматтан алыстатуу үчүн акыл-эсинен ажыратуу, каргашалуу, көзгө көрүнүктүү ыкмалары илгертен эле белгилүү экендигин ачык-айкын көркөмдөп алып чыгаруусунда жатат, десек адашпастырбыз…»
Кошумчалап койчу нерсе, албетте, жаңы технология же заманбап деп ой жүгүртөбүз. Бирок, ар бир маселеде акыл таразасына салган туура болот го. Адам баласы акылман, туу чокусуна жеткен гуманист боло элек. Андыктан мүчөбүзгө, мээбизге чип салдырардын алдында, дрон сыяктуу, бирөөнүн колундагы оюнчук болуп каларыбыз мүмкүн экенин, эстен чыгарбайлы.
Бөрү баласы ит болбойт деген ата-бабабыздын сөзүнүн күчүн дал ошол чип, карышкырдын баш терисине салына турган чип болуп жүрбөсүн…
P. S
Статья подготовлена инициативной группой «Проекта Школа Личностей», при участии учредителей и наблюдателей фонда «Телепат Т. М» (Талантливый Малыш), основной целью которого является «адресная» защита сознания и широты восприятия детей, как духовно-биологического вида, обладающего шестым чувством, известным как интуиция, и седьмого чувства, знакомого нашему разуму, как созидательная и творческая сила.
Дорогой читатель, когда пишешь подобное, имеются ввиду слова, как не биологический, а духовно-нравственно-интеллектуально-биологический. Это с одной стороны вызывает улыбку и, какой-то странный, непонятный по своей природе смех, но с другой – когда ежедневно смотришь мультфильмы о гендерном равенстве и семейном насилии, где мама избита, а отец попадает за решётку, ужасаешься за сознание и внутренний мир детей, видящих данный урок насилия…
Здесь хочется добавить, что наверное, шок испытывают не только дети, но и те, кто прошел школу нравственного воспитания при союзе. Когда процветал культ морали и интеллегентности , а не только насилие, денег и спекуляции, спекуляции то ли во всем, то ли на всем.
Проблема нынешнего этапа очевидна: как и не было каменного века, так и, по-видимому, не было и рабовладельческого, и феодального строя. Скорее, это периоды деградации и одичания человечества. Потому как Ак Келте Великодушного Манаса – это оружие, в смысле, оружие, обладающее огромной, разрушительной силой, подобно ядерному. И это наталкивает на мысль, что то, что мы читаем, как историю, - эпохи развития несёт в себе не только глубочайшие заблуждения, но и огромные ошибки.
Потому, как сознание, с одной стороны, похоже на, всё засасывающее в себя, болото. Нет, не болото. Это черная дыра. И, именно поэтому мы должны быть очень осторожны, ибо, пока человек, как не знает, что есть черная дыра, так и несведущ в вопросах того, что из себя представляет сознание. И, тем более подсознание… И, их взаимосвязь, как с окружающим миром, так и со вселенной. Нам, наверное, никогда, повторимся – никогда, не следует забывать об эффекте бабочки. Ибо каждое слово, тем более каждое действие может складываться в программу…

 

Проект «Школа Личностей»

0755007100
0703998223

автор