Аң-сезимди жогорулатуунун 24 багыты. Развитие умственных способностей. ОФ Телепат "...

Показать телефон
Бишкек Обновлено:
Тип
личностные

…улар үнүн уккан барбы демекчи, бу көөдөн сырын билген барбы…
Адам эволюция милдетин өзүмө алдым деген ойго келгенинде, сологой түшүнүгү орун алган беле…
Адам атанын колго жарар эки баласынын бири оң кол – Кабыл болсо, сол колу – Абыл беле...
Ушундан тарта нечен пайгамбар, олуя, аалым келип, «Манас» айтар заман беле…
Кылым жана доорлор…
«Аң-сезимди жогорулатуунун 24 багытында» сезим туюму…

Ой-пикир…

Замана-замана…

…Адам баласы дилинде турганын билгизүү үчүн миллиард деген нейрондорун колдонот экен. Бул учурда көз ирмемде жаак булчуңдары эрк күчү менен кыймылга келип, автоматтуу түрдө эмоция ар бирибиздин жан дүйнөбүздөн жүзүбүзгө чыга турганы анык. Бирок биз тил… эркибиз менен кыймылга келтирген ооздогу тилибиз жөнүндө кеп кылбай, жан дүйнөнүн сезимдери тууралуу сөз баштап көрөлү. Анткени мунун артында, албетте, көп учурда уга албай калып жаткан өз акылыбыздын кулактары көрүнүп турса керек эле…
Оң кол каруулугу мээнин сол жагынын эки манжачалык жерин ээлеген аянтчасында пайда болоору белгилүү. Демек кайчылаш принцибин эске алсак, сол тараптын билегине мээнин оң жак бөлүкчөсүнүн бир бурчу дегендей, бир ууч жери жооптуу. Урматтуу окурман, цивилизация бекем карманган «билими бар миңди жыгат» деген түшүнүк бар эмеспи. Эми кызыгы, бул сөзгө ылайык ар бир жаран аң-сезимди жогорулатууда негизги үмүт арткан билимби же буга басым жасаган маданият миңди тургай, миллиондордун сол колун чолоңдотушу – бул көрмөксөн, билмексенге салып койчу эле жагдайбы же үстүдөгү цивилизациянын маданиятындагы нонсенс болуп калабы?
Адам мээнин эркке жооптуу, балким, сол жагы – 20-25 гр, оң жагы – деле ошончо гр салмактагы аянтчалары аркылуу омурткадагы жүлүндөрдүн жардамы менен колу-бутун кыймылга келтирүүдө. Көз, кулак, туюу, сезим күчтөрү менен кабыл алынган нерселерге ой жүгүртүү үчүн мээнин сол бөлүкчөсүндөгү 30 гр аянты жооптуудур. Адам баласынын мээсинин салмагы орто эсеп менен 700-800 граммга барабар болсо, дене-мүчө кыймылдатууга 100 граммдай керек болсо керек. Бул учурда 600 грамм мээ салмагынын дагы бир элүүсү бездер болуп, эндокринологияга жооптуу деп эсептелсе, бир жетимиши кара куштагы көз, кулак, мурун, тил, кабыл алуусун чечмелей турган өлчөмү деген учурда да, 500 граммдык нары-бери салмагы калат. Алар эмнеге жооптуу болду экен? Урматтуу окурман, денени кыймылдатууга көбүрөөк мээ салмагы жумшалабы же үн чыгарып, тил менен сөз сүйлөө үчүнбү? А, балким, андан да, сөздөн да бийик, бүтүндөй мээ салмагын колдонгудай бир нерсе бардыр адам баласынын көкүрөгүндө…
Адам баласынын жан дүйнөсү кандай жол менен дене, мээ менен синтездешүүсү – табышмак. Ошол себептен көйгөйдү чечмелөө үчүн сөздү үстүдөгү нонсенстен баштайлы. Сол колдун каруулугунун жоктугу мээнин оң жак бөлүкчөсүнүн эки манжачалык жеринин иштиктүүлүгүнүн жоктугун айкындоодо. Ал эми бул нерсе көнүгүүнүн орун албагандыгын тастыктайт.
Аңдоо…
Басардын алдында бала алгач баш, андан соң бел кармап, олтуруп калат эмеспи. Ошол сыяктуу эле кол кашык, калемге көнүгөт. Эми, кандай десек, мисалы, бала сезимтал. Бирок сезимталдуулуктун сыры ачылбагандыгынан ондогон жылдык өмүрдү алган билим маданияты аны эсепке алып, көңүл бурбагандыгы – бул, тилекке каршы, жыйынтыгында эрк сыяктуу эле, эң биринчи учурда, телепаттык элементтердин жокко чыгышы. Жана тиги элес, жаратмандык күч акырындык менен соолуу процессине чалдыкканы – бул билбеген пенде уу ичет жолундагы генетикалык түрдө жаратмандык күч катары сезим толкундарын жаратуу функциясын билим маданияты толугу менен жоюп алып жатканы. Дагы да тагыраак айтканда, телепаттык элементтерден түзүлүп турган толук баалуу туюм сезимдерин жана жаратман эволюция күчүн жокко чыгарган эс-тутумдан эс-тутумга билим өткөрүү эстафетасы эске албагандыгы менен…
Биринин эрки бар, бириники жок демекчи, оң кол гана каруулуу. Айтмакчы «бала акылы баленин баарын билет, ошол үчүн ырсая күлөт» деп жылмайып келет баба сөзү тээ илгертен. Бала өзү эле белин кармап, өзү баса баштайт. Бул, бир чети, «синтездешүүгө» окшогон процессти ага эчким үйрөтпөйт, бул – жаратмандык орун алган табигый нерсе. Жаратмандык деген сөз – бу бала акылы өзү түзчү эрк каруулуу экзоскелет. Эрк деле – бул сезим… мээнин күчү менен пайда болчу. Табышмак – торолуп келе жаткан бала аны сезип, мээси менен жаратып, белин кармап калганында. Эми эң маанилүү нерсе, өз акылы менен түзүүчү экзоскелет – бул руханий да экзоскелет.
Акыл – ааламдан. Аны тажрыйба, жер бетинде, коомдо өмүр сүрүү жана этика, мораль менен алмаштырбайлы. Ар бир адамдын өз жеке руханий жан дүйнө, духовные мощи демекчи, интеллектуалдуулук да экзоскелети болуусу тийиш. Анткен менен ал кантип түзүлөт? Албетте, аңдоо жолундагы күжүрмөндүктү талап кылган сезим жаратуу жолу менен. Азыркы күндө «ай кью» деген немени илгери сезим туюму деп эле билишкен имиш. Жана аң-сезимдүүлүктүн деңгээли ага ылайык экени учурда түшүнүктүү. Демек замандын тилине жараша айтсак, «ай кью» деңгээли туюу сезимин күчөтүү аркылуу түздөн-түз жогорулайт, жана бул учурда гана акыл сыры ачылат. «Ай кью» деңгээли – акыл курчуусунан деген учурда, акылдын курчуутаары бул – туюу сезими деп бышыктап алуу абзел. Туюу сезиминин жогорулашынын көрсөткүчү – көсөм, көрөгөчтүк башка субъекттердин ой-сезимдерин окуудан да тереңдеп, бара-бара гравитация, магнит күчтөрүн сезип-туюуга жетишет деп белгилөөдө эмеспи ааламды камтып турган даанышмандар китеби.
Рух, жан… өз жан, рухунун даамын таттырып, таанытпаган маданият – бу деги өзү эмне болгон маданият? Бул күчтөр менен амалданбаса, бала кантип өсүп-өнүгөт? Сезим, кыял таанып, башкара албаган адамга ким жооптуу? Билимби, маданиятпы же илимби?
Адам дене-мүчө, мээ жүлүн түзүлүштөрү жана алар жуурулушуп турган жан дүйнөсүнүн аң-сезими – бул эң жогорку бийик деңгээлдеги эволюция жетишкендиги. Буга ылайык адам өзүн тааныганда гана жаратылышка карата улук экенин өзүнө айкындап алаар. Жана «улук болсоң, кичик бол» демекчи, жөнөкөйлүктү пайда кылуунун өз ичинде жолун табаар…
Өң, түс, жыт, ысык-суукту акыл дене, туюмдун беш сезими менен тааныганы менен жан дүйнө сезимдерин тааныбаганы – бул илдетти алып келчү акыбал. Толук баалуу жети туюмдун бешөөсүн калтырып, экөөсүн – алтынчы сезим туюму менен жетинчи руханий күчүн, негизги сезимдерди жокко чыгаруу – бул опурталдуу нерсе экендигин үстүдөгү жыт, даамды сездирбей жаткан апаат көрсөтүүдө…
Тиркеме иретинде…
Адам эрк күчтөрү менен дене мүчөнү кыймылга келтирген сыяктуу, руху менен өзүнө көп нерселерди ачып, аңдоого мүмкүнчүлүгү бар экенин акыл билүүсү зарыл. Дал ушул нерсе илгери аң-сезимдин жогорулашын алып келип, жаратмандыкты ойготкон жол катары саналган.
Бала логика менен эмес, руханий дүйнөсүнүн сезимдери менен аңдайт. Биз аны эс тартып, акылга келди дегенибиз менен, ал – болгон-толгон эле логика, жердеги жашоого үйрөнүү тажрыйбасы. Ааламда акылга коркунуч жок. Коркунуч жерде денеге бар. Ал жер бетинде дене менен синтездешкенинен кооптуу нерселер арбын. Адам, тилекке каршы, өз акылы туюп турганынан коркпой, өмүрдөн ажырап калышынан гана коркот… жана акылды ажалы келгенде гана тааныганы – арман менен өкүнүч…) Бала бул дүйнөгө келгенден, жашоо шартына көнүгүүдө тажрыйба алып жатканын акыл-эске келүүсү деп кабыл алуу – өзү кызык. Себеби мунун баары – акыл эмес, аңдоодой көрүнөт. Аңдоо тажрыйбасы дейли. Ал эми акыл – бул көкүрөктөгү сезим, акыл – бул сезим же аң-сезим дүйнөсүнүн падышасы деген учурда… акыл-эстүүлүк – бул, биздин тайкы, тар түшүнүгүбүздө, сезим менен тажрыйба айкалышуусундагы уят же жер бетинде, коомдо өзүн алып жүрүү маданияты десек, бул учурда аң-сезимдүүлүк эмне болуп калат? Маданиятпы, этикабы? Моральбы? Билимдүүлүкпү же…?
Ата-баба салмагы – эволюцияны тааныганынан, жана ошого ылайык салт түзүлгөн.
Салт...
Салтты бири маданият десе, бири үрп адат, айтор ар ким өз билгениндей кабыл алат, түшүнөт. Бирок бул с.а.л.т… түпкүлүгүндө аң-сезимдүү, акыл-эстүү сезимталдуу адам баласынын… кайталап коёлу, с.а.л.т тек гана сезимталдуулукка же сезимталдуулуктан пайдубалы түзүлгөн маданият деп белгилөөдө даанышмандар китеби. Демек салт – сезимталдуу адам баласына ылайык тартиптер… Бирок батыштын салты мергенчилик, ал эми кыргыздын салты калканчы же кайып өнөрү дейт.
Жаратылышты пайда кылган эволюцияны өзүнө ачпай туруп, технология жаратуу – бул, ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт демекчи, баланын күкүрт менен ойногонуна окшогон өнөр… дегенибиз цивилизация аң-сезим эмне экенин өзүнө ача элек. Илим, анын уул-кызы – билим демекчи, билим берүүдө эволюцияга шилтеме кылып, ал жөнүндө кеп кылат, бирок тирүү жан демекчи, өмүр кантип пайда болгонун айкындап, өзүнө ача элек.
Мээнин функцияларын колго алып, көнүгүү билим берүү тармагына жүктөлгөн. Бирок бул – система, билим-тарбия менен түркүн тармактар талабы. Ал эми эволюция талабы таптакыр башка болуп чыгаар… Албетте, эволюциянын мүдөөсү – адам баласын өз деңгээлине жеткирүү. Демек жаратмандык – бул эволюция эңсөөсү.
Пайгамбар, олуяларды кой, Л. Н. Толстойдун «Беш жашар баладан мага чейин бир гана кадам турат, ал эми наристеден беш жашар балага чейин – кандайдыр бир түбөлүктүк…» деген сөзүнөн акыл, жан дүйнө, рух түбөлүк экенин түшүнөбүз.
Бул учурда кошумчалап, ойду бышыктоо иретинде айта кетчү сөз, эволюция, – жан-жаныбар, куш, айбанаттарды – бир, ал эми жер бетинде акыркылардан болуп пайда болгон адам баласын экинчи талапка ыңгайлаштырып, башта айтылгандай, бир колунун артынан интеллект, жан дүйнө, рух экзоскелетин тарытыппы, жукартыппы, майдалантыппы, айтор жабыркатып, чолоңдоткудай, жеке бир адамдын тар көз карашы же ою эмес. Дүйнөлүк маданият, болду-болбоду, ээрге кыйшык олтуруп алган. Ошол себептен алгач билим-билим деп алып батыштан түптөлгөн илим эми акырын, кайрадан «духовное пробуждение», «открытие сознания» деген түшүнүктөрдү киргизүүсү – буга далил.

Бул учурда башта айтылып кеткендей эле, логика жолу оң колго гана калем, кашыкты мээнин сол бөлүкчөсүнүн бармактын башындай жери менен кайчылаш принцибинде карматканы менен маданият эмей эле, кыйшыйткан адатты калыптандыруудай көрүнүп калат. Урматтуу окурман, көчөдө басып бара жаткан адамга же болбосо өзүбүзгө деле көңүл бурсак, бир бутум – толчковый деген ойдон же билимденби, айтор бул түшүнүк сол колду алсыздатканы аз келгенсип, адамды сылтыткансыганын жон тери аркылуу акыл дап-даана сезип турат. Өзгөчө бул нерсе жаш 30-дан жогорулай баштаганда, күчөйт. Себеби бул – туюм сезимдерине жооптуу мээ бөлүкчөлөрү менен «жон тери жүлүндөрүнүн» байланыштарын үзгүлтүккө учуратуу.
Чоң көйгөй эң жөнөкөй нерседен орун алат…
Бул учурда бул – табигый генетикалык түрдө түзүлгөн иштөө тартиптеринин бузулуусу. (Айтмакчы, телепаттык элементтердин күчөшү гана бул нерселерди ачыктайт.)
Эми үстүдөгү заманга ылайык адам баласынын ички аң-сезим, эрк, рух дүйнөсүн аура, арбак дебей, экзоскелет деген учурда, жогорку деңгээлдеги интеллект «ай кьюсун» түзгөн экзоскелетибизди кой, бу сол кол тарапта эрк каруу экзоскелети таптакыр эле түзүлбөй калганын акылыбыз сезим туюмдары менен ачыктап алса болот. Ал эми мээнин оң жак бөлүкчөсүндөгү 10-15 гр жери гана сол кол кыймылына жооптуулугун эске алып, калганы эмнеге керек деген суроо жаратсак, жер бетинде 70-90 % адамдардын оң «полушариеси» толугу менен дей жана сол жагынын жарымысы деле билим, өнөрүнө карабай, күндөлүк турмушта колдонулбай жүргөнүндөй байкалмак тургай, телепаттык элементтердин артындагы туюму күчтүү адамдарга бул айдан ачык көрүнүктүү. Буга ишенүү же ишенбестик маселе эмес, маселе балдардын сезим туюмун жокко чыгарып албай, күчөтүү.
Айтмакчы, ата-бабанын кишиники кирип чыкканча, ойногон ойду кыстаган турмуш жеңет, көөдөнү жок деген сөздөрү – бул нерседен кабар.
Көкүрөк-боор демекчи, сезим туюмуна жооптуу органдар билим алуу шартында деги эле өзүнө ылайык тартипти ала албай жатат. Булчуң эс-тутуму же дене бою өнөр демекчи, илгери гректер адам денесине карай скульптура жаратса, биздин көөдөнгө өзгөчө көңүл бурган баба көкүрөктө жана булчуң аттууда эс-тутум менен акыл дүйнөсүнүн айкалышып турганын өзүнө башатта эле баамдап алган. Грек ар кыл атлеттерди өстүрүүнү өнөр көрсө, баба көкүрөктө көсөм, көрөгөчтүктү кайып же атом бөлүндүрүү өнөрү аркылуу өзүнө ачып алган… дегенибиз, жаратман десе, бу атом бөлүндүрүү, уранды байытуу аркылуу дүйнөнү жок кылчу өзөктүк курал жана технология деген эле түшүнүктөн алыс бололу. Анткени адам логикасы менен жараткан көп нерсе азырынча мутацияга гана жол ачууда.
Ит ийизден жытты жакшы алат, эволюция жетишкени ушул. Жылкы – күлүк, куш жетишкендиги – канат. Ал эми адамдын табигый күчү – көөдөн деп тиги: «Көз, кулак, мурун, тил айбанаттарда деле орун алган… Жон териң сезип турганды жүрөгүң кантип туйбасын? Сенде беш эмес, көкүрөк-боор сезимдериң жана жаратман күчүң менен жети сезим бар,» - деп биздин эне тилибиз талыкпай айгинелеп келет.
Буга ылайык акыл… акыл сыры ачылышы менен гана адамзат тартылуу күчү, магнит, гравитация күчтөрү демекчи, бул күчтөргө байланышкан технологияларды жаратууга аттанат. Ошондо үстүдөгү эсеп-чотто ачыкталган беш жүз грамм мээ өлчөмү кыймылга келет. Акыл мээнин күчү менен адамды бирде жеңилдетип, бирде салмактандырат. Бул, биринчиден, түздөн-түз мүнөзгө карата айтылса, экинчиден, эртеңки күндүн балдары левитацияны өздөштүрөт деген сөз.
Билим деген – бул сан, химия, физиканы эс-тутумга жайгаштырып, логика өнөрүн арттыруу. Адамдын эс-тутуму мээнин төрттүн бир эле бөлүгүн ээлейт деген учурда, ошол жерде адамдын кулк-мүнөз, көз караш, атүгүл адаттары да калыптанат. Бул учурда бүгүнкү күндө билим алып, кесипке ээ болуу, спорт жана башка өнөрчүлүктү кошкон менен деле цивилизация маданияты адам мээсинин күчтөрүнүн 70-ке жакын % колдонттура албай жүргөнү көрүнөт. Бир муундун эс-тутумунан экинчи, кийинки муун эс-тутумуна эстафета сымал билим өткөрүү маданияты – бул жеке адам өнүгүүсүн туңгуюкка кептелтүү. Анткени эволюция адамды технология эле өрчүттүрүп, өз жараткан жаратылыш табиятын курутууга зар эмес.
Жогорку табиятты тааныган маданият тарабынан курулай сөз деп баа берилген философия – бул болгон-толгон эле ой жүгүртүүдөн келген система… дегенибиздин себеби бул доордо адам баласын философия эмес, эволюция өз колуна алаары көрүнүп калды. «Бул таажы вирусу эки-үч айда мутация аркылуу өрчүүгө жетсе, адам кантип бул күчкө ээ боло албасын, ээ жарыктык сөзүнө ылайык замана-замана!» - деп айткан экен бир карыя.
Окуп алып жаткан билимден тышкары, адам баласына күндөлүк турмушунда мээ активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бир нече сааттык эргүү кажет. Мээнин эмоция же кыял, сезимге жооптуу аянтчалары менен толкундарды жаратуу иретинде көнүгүүдө көөдөндү көздөй, дене бою өнөр демекчи, сезим агымдары, – булчуң эс-тутумун эске алганда, өтө маанилүү. Билим тармагында мээ, анын функция, сыпаттары тууралуу илим орун алса, адам мээде жайгашкан өзгөчө борборлор жана бездер жөнүндө да түшүнүк алат. Мээде эволюция күчү менен бул бездер жайгашып, функциялары белгилүү болгондон кийин, аларды активдештирип, иштиктүүлүгүн жогорулатуу – бул, демек, кандайдыр бир деңгээлде милдеттүү түрдө аткарылчу нерсе. Себеби анын бири, мисалы, туюм мүмкүнчүлүктөрүн күчөтөт, экинчиси, белгилүү эндорфин гормонунун канга бөлүп чыгаруусу менен ден соолукту да бекемдейт. Үчүнчүсү, эң маанилүүсү, – бул сезим толкундарын жаратуу. Ал борборлорду активдештирүү үчүн, албетте, эволюция күчү сымал эбегейсиз күжүрмөндүк керек. Бирок алардын ачылышында пайда болгон көмүскө толкундарында, өзөктөн чыккан демекчи, өзүн таануу жөндөм, талант жана жаратман сырларын ачып, аңдоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Анткени бул көнүгүүдө мээнин оң бөлүкчөсү толугу менен, ошол эле учурда сол бөлүкчөсүнүн логика, оң кол кыймылына жооптуу аянттарынан тышкары, калган-катканы демекчи, ар процесстерге катышып, иштиктүүлүгү жогорулайт.
Кандай гана сезим, кыял толкундары болбосун, жон тери сезип, анын жакшы-жаманын, атүгүл күч деңгээлин аңдап алат эмеспи. Учурунда Рум философиясы калканчы, жайчы, кайыпчыларды мазактоо идеологиясын ишке ашырып, бийик маданиятты кеп кылган манасчыларды куугунтуктап, курутууну көздөгөн суук доорлор болгондур… Ал эми «алты саның аманбы, мүчөң түгөлбү» деген салт – бул түркүн өнөрчүлүктү камтыган мыйзам, анын ичинде көрүнгүс заттарды кой, жан дүйнөнүн толкундарын көрө алган кайып өнөрү да бар.
Патриотизм же бул маселеде жарандар жүзүндөгү күлкү демекчи…
- Элин-жерин сүйүп, коргоп, кызмат кылуу – эр азамат, уул-кыздын парызы, - десе ата баласына, баласы:
- Ой, ата! Глобалдашууда кимден коргойм? – деген имиш. Анда атасы жылмайып:
- Балам, өз ичиңдеги ийри жыландан коргонуу – бул калканчынын жолу, - деп өзүмчүлдүктүн өңү-түсүн айтканын дагы да эскере кетели. Бул учурда «көкүрөктө от өчүп, каапыр болуп калбайлы» деген сөз кайра эле адамдын көөдөнүнөн кабар берсе, нече кылымдар бою аалымдар бүткүл адамзатка: «Акыл – жүрөктө,» - деп келе жатканынан, ырыс алды ынтымак – бу баба осуяты деп доор илимине кулак салсак.
Мээнин сол жагында бармактын башындай жерди ээлеген логика – акыл эмес. Бул учурда жоопкерчиликти өз мойнубузга алып, жүрөктөгү акылды биз Адам ата деген учурда, анын бир баласы логика болсо, экинчиси - көкүрөктөгү от, туйгу сезими. Ошондо логикага басым жасаган билим маданияты көөдөн менен сол колго жооптуу мээнин оң бөлүкчөсүнүн иштиктүүлүгүн курмандыкка чалып жаткандыгы айкындалат. Урматтуу окурман, логика алып келген прогресс – замбирек сымал жашоо, деги эле өмүр фундаменти болгон экосистемага чыккан ок дары болуп жатканы көрүнүктүү болуп турат. Баса белгилеп, кайталап коёлу, акыл сыры ачылганда гана татыктуу технология орун алат.
Эволюция – ажал тапкан эне.
Эмоция – бул жан дүйнөнүн өзгөрүү акыбалынан келип чыккан нерсе экени түшүнүктүү. Жан дүйнө түркүн сезим… Демек көз ирмемде жан дүйнө менен ар башка эмоция пайда кылууга элес жана сезим толкундарын кошсок, бул эволюция жеткирген адам табиятындагы жаратман сыпатын ачыктап, көрсөтөт. Жана сезимдердин көкүрөктү көздөй агытылып туруусунан туюм, эрк күчтөрү көз каранды. Анткени булчуң биздин акылыбызга көз да, тил да, кулак да, мурун да ролун ойноп жатканын булчуң эс-тутуму бар чакта унутпайлы. Күн, саат сайын балада туюмдун таруусуна бөгөт коюу кажет. Анткени логика Кабыл сымал бычак саптап, көкүрөктөгү көөдөндүн отун өчүрөт. Абыл кечирип, арам ойдон баш тартат деген сөз – бул көкүрөк-боор менен туюу деген маселе. Адам мээнин жооптуу жер, туштары менен сезим жаратып, көөдөндү көздөй агытып турбаса, жеке логика менен эле алектенгенинде туюм 3% деңгээлине түшүп, анын артынан акыл же көр, же кер болуп калат деген сөз бу. Урматтуу окурман, буда адеп-ахлактык маселеси да бардай сезилет, анткен менен бул – кабыл алуу, аңдоого жооп берген мээ органынын көп функционалдуу бөлүкчө, түш-тараптарын жабыркатпоо маселеси. Логика менен интуиция – көөдөндүн эки куралы, эки баласы. Бирин курмандыкка чалган болбос.
Орчундуу, маани бербей жүргөн маселе сезим, туюм, аңдоо көнүгүүлөрү каралбагандыгынан мээде алсыздык программаланып жатат. Бул – жөн эле мүнөздөмө эмес. Адамдын эрксиз, алсыз жана иммунитетсиз болуп калуусу так ушул эволюция жетишкендиги болгон эмоцияга байланыштуу. Тагыраак айтканда, эрки, элес күчү жоктук, обон жараткыдай туюу жоктук – бул балачактан акылдын элес күчүнө баш ийген жан дүйнөсү менен амалданбагандыктын кесепети. Адам акылы көз ирмемде түркүн сезимдерди жаратып, эмоционалдуу акыбалын өзгөртө алуусу негизги фундаменталдуу түшүнүк болуп саналышы кажет. Анткени анын ичинде эрк, элес да бар. Булчуң аркылуу көнүгүү, интеллекттин «ай кью» деңгээлин сымал, сезимталдуулуктун күчүн жогорулатат. Атүгүл бактылуулук, ден соолукту алып келчү ферменттердин бөлүнүүсү да эмоцияларды пайда кылуудан көз каранды.
Жанагы коркунуч, тиги жыт, даамды аңдап алгыдай акылга окшогон нерсе чегирткеде да бар, таптоого багынып, жүк түшкөн төөдө да жок эмес. Ал эми аң-сезим бир гана адам баласына таандык болуп, эмоция адамда орун алган чакта, эволюция менен Тең-Ата жарышып, көнүгүп, амалдануу зарыл. Бул учурда мээнин бир тараптары сезимдерди күчөтүү ролун ойносо, экинчиси процесстерди иликтеп жана сактап калчу эс-тутум катары кабыл алынышы түшүнүктүү. Анткени бул өз ичтеги процесстерге акыл өзү дайыма күбөө болуп турууда. Көкүрөктөгү көөдөн ачылып, оң канат, сол канатка бөлбөй, мээ бөлүкчөлөрү бирдикте колдонула баштаганына жараша адамдын колу чолоңдобойт. Ошол эле учурда көөдөн же акыл – өзү улуу зат же толкун деген чакта, сезимталдуулук жогорулашында кеңейүү процесси орун алат аң-сезимде. Кеңейүүдө акыл өз мээде болуп жаткан процесстерди жолоочудай карап турганга мүмкүнчүлүгү жетет.
Көөдөн жана Абыл, Кабыл...
Киши өзүн ким экенин тааныбай баштаган чакта, Адам тууралуу сөз келген.
Бүгүнкү күндө көрүнүп турган, адам баласын майдаланткан өзүмчүлдүк жана жеке логика багыты – аң-сезимге, генетикага залал тийгизген көйгөй. Анткени алар – эволюция жетишкендиктерин жутуп койчу нерселер. Бул учурда идеология шайтандын куралы экени анык. Маселен, капитализм жаратмандыкты ойготкон болгону менен адам ичинде «өзү тойсо да, көзү тойбос» көз карашты калыптандырат. Ошол эле учурда социализм интеллект жана коомдогу маданиятка басым жасаганына карабай, жаратылыш, эволюция табиятына карата экөө тең, тилекке каршы, уруу мышык мүнөздөмөсүнө болбосо да, бу ман, деги эле сезимталдуулук табиятты курутуп алуу мүмкүнчүлүгү менен опурталдуу идеялардай байкалып турууда. Сезимталдуулук – бул өнүгүү жолун аччу ачкыч деген чакта, чала молдо дин бузат болуп, адам баласынын туюмунун таруусу сансыз көйгөйлөрдү пайда кылып жатканына көңүл бурсак… дүйнөлүк түркүн идеологиялардын адам табигый жөндөмдөрүн адам баласына ачыктап бергендин ордуна өз каалаганындай адам баласына жүгөн салып, камчылабаса да, бул күндө деле нары-бери темселеткен учурлар жок эмес. Жана бул жерде баш сөөктө жаткан мээнин бөлүкчөлөрү тургай, мээде жайгашкан бездери жөнүндө да сөз болуп жаткан соң, иммунитет маселеси да бар.
Көөдөндү эсепке албай, көз, кулакты негизги эволюция жеткирген туюм күчтөрү деп эс-тутум жана логика жолу менен билимдүүлүккө гана басым жасоо – так ошол жыгачтын жумшагын курттай кемирүү саясаты. Анткени эволюциянын адамга ыйгарган, адамды адам кылган эң негизги функциясы – кыялдарды, эмоция демекчи, жүзгө чыгара алган, көкүрөктөгү сезим толкундарын пайда кыла алчу интеллект.
Эволюция адамды эмнелерге жеткирди? Албетте, кыял, сезим, рух, ошол эле учурда эрк бар экени анык. Бул нерселердин баарын биохимиялык процесс деген учурда да, алар менен амал кылуу эволюция талабына ылайык кажет, анткени так ушул нерселерден туюу сезимдери токулуп турат. Жана бул – ошол сезимдерде өзүн, деги эле адам таануу. Башкача сөз менен айтканда, эмоция негизинде ой, сезимдер жатат. Ал эми акыл ой сыяктуу кыялга баш ийбейт, сезимге да ийилбейт. Ал бул нерселерди соот-шайман өңдүү колдонот, акылдын бир куралы туюу сезими болсо, экинчиси – логика демекчи. Илгери баба калканчы, жайчы академиясын түптөп, өзүмчүлдүктөн өзүн ала качканы – дүйнө жана адам таануусунун тереңдигинен. Калканчы эволюция ыйгарган күчтөрдү колдонуп, аалам, жер алдындагы зыян заттардан адам баласын коргоп келсе, жайчы эволюцияга уюушу менен жан-жаныбар, жаратылышты сактаган. Азыркы заманда өнүккөн деген өлкөлөрдө жабык аскердик же космос технологияларын өздөштүргөн окуу жайлары бар экени баарыбызга маалым. Аларда адам, айбанаттар, атүгүл, мисалы, ийнеликтин мээ жана жүлүндөр иштөө принцибинде учкуч жана түркүн технологиялар курулуп, пайда болууда. Алардын үстүнөн ошол өлкөлөрдүн элинин капчыгы, албетте, калың дегенибиз, адам таануу, мээ жүлүн органдарын пайдаланып, сезим толкундарын жаратып көнүгүү адам баласынын аңдоо мүмкүнчүлүктөрүн ийри жогорулатат.
Адам сезим толкундарын күчөтүүсүндө, тескерисинче, дене бою чыпалак дейли. Ал эми акыл мээ күчү менен жараткан толкундары менен кеңейүүдө, күндөн чачыраган нур – фотон сымал кеңейүүдө, телепаттык элементтердин негизинде тоо сымал, алп, титан. Бул, балким, кабыл алууга татаал, бирок аалам кара материясы кеңейип бара жатканын элестетүү жеңилдик алып келет кеңейүү жөнүндө түшүнүктү жайылтууда.
Эми «бели ката элек» деген баба сөзү – өзү акыл экенин талдап алышыбыз абзел. Анын мааниси бул – жетиле элек балдардын мээсиндеги генетикалык түрдө түзүлгөн көптөгөн функция, жөндөмдөрүнө өтө этият мамиле кылууга талап. Замандын илими мээнин өз функцияларын гормондордун өсүшүндө гана өзүнө сактап алаар мүмкүнчүлүгүн эскертүүсү кабырганы кайыштырчудай, үстүдөгү баба сөзүн бышыктайт.
Илгери ата-бабанын, «өзү тойсо да, көзү тойбогон» демекчи, денеге байланышкан түркүн дарт, жагымсыз адат менен өзүмчүлдүктү алгач таануу маселеси менен андан суурулуп чыгууну башаттан тарта «Чоң казат» деп атаганы көйгөйдүн деңгээлин көрсөтүп турат. Айтмакчы, «Чоң казат» тууралуу да эки ача пикир терең жайылган. Анткени бири кечеги эле замбирек алдындагы чабуулдардан келип чыккан деген сөз ойдо жүрөт. Анткен менен күн… ар күн сайын адам болуу татаал демекчи, Иблис менен адам баласынын башаттан акыретке чейин күрөшүүсү айдан ачык. Интеллект «ай кьюсун» жогорулатчу ар-намыс, абийир, рух күчтөрү көкүрөктө орун албаса, Иблистин жоокерлери болгон ичи тарлык, көралбастык, жат табиятка адам кам көрүп, өстүрөт. Элес эволюция шартына ылайык эмоция түбүндө жаткан дүйнөсү менен адам баласын өнүктүрчү күчтөрүнүн негизгиси болсо, көкүрөк туюму дүйнө, аалам таануу күчү болуусу кажет. Адам баласы колундагы технология мүмкүнчүлүктөрү менен оозунбай, өз жөндөмдөрү менен бийик турганы артык.
Көөдөн менен дүйнө тааным артыкчылыгы бул учурда убакыттын эске алынуусунда. Урматтуу окурман, «жат жарытпайт»… Эки коюп, камчы салган, беш коюп кызыктырган билим берүү – бул табигый жаратмандыкты да бузган, адам баласына колдонгус, өз тилибиз менен айтканда, таптоо.
Бул учурда Бакай атанын аккелтени кайтаруу тууралуу керези – көкүрөккө кайрылып: «Өз табиятыңды тап, адам баласы,» - дегендей кабыл алынат. Аккелте. Ак, баарыбызга айкын, тазаны билдирет. Келүү, келди, келет… Бул – ак, таза адам баласынын руху жанданганда, туюм сырлары менен акыл табышмагы да ачылат деген маани.
Маселен, бөбөктүн биринчи жасаган кадамдарын аң-сезимдин дене мүчө менен дагы да тереңдеп, кандайдыр бир синтездешүүгө окшоп кеткен амалында эрктин пайда болуусу деп билишибиз абзел. Бирок ушул сезимталдыктан биз ачыктап ала турган нерсе – бул баланын жон терисинин күчү менен көөдөнүнүн телепаттык элементтери. Мисалы, калемди оң колго алуу процесси мээнин сол жагында пайда болуп жатканын бала өзүнө кадимкидей туюп алат. Демек оң жак мээнин бөлүкчөсү жана сол кол бул процессте катышпай жатканын бала аңдоодо. Биздин түшүнүгүбүздө, билим берүү, деги эле таалим-тарбия берип, өстүрчү тармактар бул телепаттык элементтерден, табиятты аттиң дегизбей, өнүгүү жолун көрүшү керек. Биз азырынча инсандын көкүрөктөгү туйгу сезими кандайдыр бир себептерден жогорулап баштаганда, адам баласынын ички мүмкүнчүлүктөрү ойгонуп, күчөйт деп туралы.
Бүгүнкү күндө Дарвиндин теориясы менен макул болгондордун катары бир топ эле суюлду. Анткен менен бир карын майды бир кумалак чиритет демекчи, адилеттик үчүн, анын жоромолу жеке ар бир инсандын жөндөмдөрүн өрчүтүп-өстүрүүсүнө бөгөт койгонунан тышкары, мисалы, кулчулук психологиясын бышыктабаса да, эркиндиги чектелген жумушчулар санын көбөйтүү психологиясын пайда кылганын айтып коюу – шарт. Жана дагы «расалык айырмачылыктан эволюция тепкичинде биз жогору турабыз, ошол себептен силерди пил, төө, жылкы, өгүз сыяктуу артууга укук бар» деген ой орундап, аң-сезимдүүлүк табияты бузулган. Дарвин теориясы – эмгек жолун көрсөтүү менен ошол эле мезгилде бирөөнүн интеллекти чайнаганын аш кылдыруу. Бирок интеллекти күчтүү, же «тиши чыкканга чайнап берген аш болбойт» демекчи, тиши чыккандар – бул, албетте, Архимед жана Эйнштейн өңдүү инсандар. Демек Пифагор теоремасынан да, анын өзү, анын интеллект мүмкүнчүлүктөрүн жогорулаткан эволюция же күндөлүк турмушунда орун алган кандайдыр бир табигый сырлар бизге кызык болушу абзел дейли. Анткени бул учурда гана «ай кью» көрсөткүчүн, же башкача сөз менен айтканда, балдардын интеллектин тиши өткүдөй деңгээлге дүйнө, өзгөчө адам таанууга өстүрө албай жаткан билим берүү маданияты эволюциялык шарттар менен толукталышы кажеттигин өзүнө ачыктай алат.
Цивилизация маданияты адамды айбанга теңеп, таптап, уятка чакырбай, бу эволюция сымал жаратман күчкө ээ экенин ачыктоосу зарыл. Ал эми буга далил катары «кырк чоро» аркалаган жайчы, калканчы, кайыпчы академиясынын пайда болушуна себепкер – үстүдө айтылган туюм таруусун алып келген өзүмчүлдүк, же башкача сөз менен айтканда, жон тери сезимталдуулугу, көкүрөк туюму төмөндөшүнөн мээде активдүүлүгү төмөндөгөн зоналардын пайда болушу. Маселен, кайыпты бирибиз башка өлчөмдөгү мейкиндик десек, экинчибиз өнөр катары таанысак, о дүйнөгө өтүү деп да аңдагандар жок эмес. Ал эми биз дагы да үстүдөгүлөрдүн баары менен макул боло берип, анткен менен жакшы-жаманды айырмалоодон улам таразалап, эң жөнөкөйүн колго алып туралы. Мисалы, эс-тутумубуз мээнин бир жагында болсо, биз кайыпты алгачкы мезгилде мээнин башка тарабындагы эс-тутумга эле окшогон эгрегор же кыл көпүрө деп коёлу.
Илгерки илимдин талабы боюнча ар инсан өз көкүрөгү менен туюу сынагынан өткөнүндө күмөн жок. Бул – билим же болбосо билим алуу илими десек да болот, бирок көкүрөк акылы аркылуу. Анткени акыл – ылгап алчу таразачы, бул – эс-тутумдан, ал эми бул маалымат – эгрегордон дегендей. Бирок химиялык, биологиялык түшүнүктөрдү кубалап, кайып дүйнөсүнүн эмоция, кыял, сезимдерин акылга ачып бербей койду бүгүнкү техно-жолдун маданияты.
Адамга, албетте, эң негизги стимулдардын бири өз мүмкүнчүлүктөрүн эволюциялык тепкичке бийиктетип, мисалы, телепаттык элементтерден бул сыпатты толугу менен өзүндө ачып алуу болушу керек эле табиятка ылайык. Буга демократия шарт түзүүдө. Анткен менен шайтан адам табиятын айгинелеп алуу долбоорун кетенчиктеткенден кетенчиктете берип, эми арабасына салган неме адамды колониялоо максатында Марс, Юпитер, айды көздөй бет алалы деп шыбыроодо. Бирок биздин тил маданиятыбыздагы руханий жан дүйнөнүн арбак деп аталган экзоскелетин өз акылына ачыктагыдай деңгээлге жетип калды ар жаран. Дарвин Иса китебинен улам дененин суудан чыкканын көрсө, биз алгач акылды суу үстүнөн табалы. Ташбака суудан чыгып, тукумун кумга көмөт. Бирок жумурткалары жарылып, жетилип чыккан кичинекей ташбаканын балдары темселеп, токойду көздөй чуркабайт. Инстинктке ылайык алар суу мейкиндигиндеги тереңдикке жөнөйт. Ал эми адам үчүн жер – бул учурда уя, кайып – жашоо чөйрөсү. Акылдын мекени – аалам. Акыл Иблис менен чабышат, өз кабыргасы – Эволюция менен кеңешип, салган түктүү жер уясын канаты бар идеологиясына да чокутпайт, тумшуктуу идеясына да жедирбейт. Ал эми адамды ойлонто турган – бул 18 миң аалам.
Эгерде эволюция адамдан: «Өмүрдү тандайсыңбы же технологияныбы? – десе, жообу, - Мен сени эне көрөм, ошол себептен сени кууратпагыдай, гравитация, магнит күчтөрүнө байланышкан технология жаратам,» - деш үчүн, цивилизация көөдөн тууралуу жаңы көз карашка муктаждыгы көрүнөт. Билим алууда адам баласы өз жөндөмдөрүн жогорулатууну кубалоосу абзел. Бул үчүн билим берүү адистеринен да, эртеңки, бүрсүгүнкү күнгө ылайык аң-сезимдеги жөндөмдөрдү жогорулатчу устат маселеси актуалдуу. Демек туюм мүмкүнчүлүктөрүн сактап калуу – адам баласынын маданиятынын биринчи маселеси.
Эми жаңы дөңгөлөк өң-түсүн чиймелебейли. Кайыпты өздөштүрүп алуубуз бабалардын алдында реабилитация болсо, Бакай атанын «аккелте» тууралуу керезин милдеттүү түрдө аткаруу – келечек муунга кам. Ошол себептен аалымдар адеп-ахлактык үстүнөн амал кылсын, билим берүү маданияты өз салтынан тайбасын. Ал эми биз адам табиятын эске алып, адам баласынын туюмун төмөндөтпөгүдөй, көкүрөк-боор, көөдөн дүйнөсүн, үч нерсенин башын бириктирип, Махди коомун түптөө иш-чарасын баштайлы.
Химия, физика, математика билими аң-сезимде орун алганы менен өзөктүк куралы чала билим көйгөйүнөн биринде болсо, биринде жок. Ошол сыңар актай баракчалар адам таануу, медицина билими, атүгүл тарыхта да бар экени анык. Демек илгери баба казатты жеке адам таанууга гана байланыштырганы – адам табиятынын сезимталдуулугун өз акылына ачып алгандыгынан. Бул – жогорку маданият. Туюм таруусун же балдардын толук баалуу жети сезиминен түзүлүп турган туюмунун бирин да кемитпей, сактап калуу – жаңы доор талабы... Туюм кеңейип, күчөгөндө, адам баласы көөдөнү менен мээсинин кайсы тарабында эмне болуп жатканын так аныктап калат.
Эми кайталоо – бул өзү көнүгүү деп шашпай, дыкат иликтеп, аңдап көрсөк, баланын мээси иштиктүүлүгү менен кыял, сезимдерди жаратууда күчтүү толкундарды пайда кылат. Муну бир нече ирет белгилеп, кайталап жатканыбыз – кечеги жаз мезгилиндей баланын эмоционалдык акыбалынын тез өзгөрүүсүн, көрүнүп турган нерсени, маселе кылуу эмес. Маселе баланын мээси жараткан күчтүү толкундарды көкүрөктү көздөй агызышы менен өз көөдөнү менен башка субъекттердин мээсинен келген сезим толкундарын өзүнүкүндөй кабыл алуу мүмкүнчүлүгүндө жатканын ачыктап алууда.
Ар тармакка ылайык тийиштүү чара көрүү иретинде биз адам табиятына жараша маданият концепциясынын алгоритминин ар кадамын иштеп чыгуу менен жайылтууну көздөйлү. Эми муун алмашып, адам табиятында жаңы эволюциялык белгилер пайда болуш үчүн, бири – кылымдар, ал эми экинчиси доор керек деген менен, адатыбызча, макул болгон болуп, бирок жаңылануу же революция адам табиятына болгон пикирибизди өзгөртсөк, көз ирмемде болбосо да, тиги балапандар канат кагып учкуча, орундала баштар деген ойдо «Абу Саид» дервиш (псевдоним)
P.s
Сезим туюму – бул кеңири, балким, чексиз мүмкүнчүлүктөр. Анын таруусу менен күчүнүн төмөндөшүнө бөгөт коюу боюнча суроолор болсо, байланыш телефону:

0703 998 223

автор